Бизнес бөлүмү
Бизнес курстар - Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири. Миссиясы - Кыргыз Республикасына жеке секторду өнүктүрүүгө бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу аркылуу колдоо көрсөтүү.
Кыргыз Республикасынын ишкерлерин окутуу программалары жана нетворкинг түзүү.
• Тереңдетилген курсу «Кэйэи Джуку» (KeieiJuku);
• Бизнес башкаруунун практикалык курсу (Mini MBA);
• Ишкердикке киришүү курсу Business START;
• Атайын семинарлар жана бизнес-консультациялар;
• Корпоративдик семинарлар жана тренингдер;
• Вебинарлар;
• Аймактык семинарлар;
• Кыргыз Республикасы жана Япония ишкерлеринин нетворкинги;
• Бизнес-курстардын бүтүрүүчүлөрүнүн клубу (KRJC Hajime Business Club).
Кыргыз Республикасы жана Япон
ишкерлеринин нетворкинги
багыттары боюнча
Биз ишкердүүлүктү жана экономикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү үчүн кеңири тренингдер жана семинарларды сунуштайбыз. Ошондой эле ишкерлерге бизнес-пландарды теориялык негизде түзүүгө жана өз потенциалын натыйжалуу колдонууга жардам берүү үчүн билим жана тажрыйба өткөрүп берүүгө багытталган программаларды сунуштайбыз.