Бизнес бөлүмү

Атайын семинарлар

about page
Атайын семинарлар жөнүндө

Бул курс белгилүү бир тармакта мурунтан бар болгон башкаруу жөндөмдөрүн алууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Курстар тажрыйбалуу япон жана жергиликтүү бизнес-тренерлер тарабынан өткөрүлөт, алар заманбап окутуу методикаларын билишет жана баалуу практикалык тажрыйбага ээ. Сабактар көбүнчө тренингдер жана бизнес оюндар түрүндө өтүп, эффективдүү башкаруу жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө жардам берет. Мақсаттуу аудитория – чакан жана орто бизнестин жетекчилери, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн менеджерлери, белгилүү бир тармакта билимдери бар бизнес ээлери. Кыска мөөнөттүү курстар ар кандай темаларда өткөрүлөт, мисалы, Финансылык менеджмент, Өнөр жайды жана сапатты башкаруу, Адам ресурстарын башкаруу, Маркетинг жана башка темалар.

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.