Китепкана
KRJC китепканасы жөнүндө
Биздин китепкана окурмандар бөлмөсүн жана видео бурчун камтыйт. Япония тууралуу маалыматты, анын университеттерин, маданиятын жана бизнесин жакындан билүү үчүн китепкананын бардык бөлүмдөрү каалоочулар үчүн ачык. Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун китепканасынын фонду япон, англис, орус жана кыргыз тилдеринде 10 миңдей басылманы, 1,6 миңден ашуун видеокассеталар, DVD, CD жана үч тилдеги мезгилдүү басылмаларды камтыйт.
Окурмандар залы кеңири аудиторияга ачык жана китептерди китепканадан чыкпай, ыңгайлуу шартта окууга болот.
Видео бурч япон, орус жана англис тилдериндеги видеотасмаларды жана DVD фильмдерди көрүү үчүн түзүлгөн. Ошондой эле япон салттуу музыкасын, япон барабандарынын кооз үнүн жана заманбап япон ырчыларынын, популярдуу топтордун дисктерин угууга болот.
Биздин фонддогу китептер аркылуу Япониянын коомдук системасы, маданияты, искусствосу, спорту, архитектурасы, тамак-аш жасоо ыкмалары жана салттуу кийимдери жөнүндө көптөгөн маалыматтарды биле аласыз. Андан тышкары, башталгыч жана улантуучулар үчүн япон тилин үйрөнүүчү сөздүктөр жана окуу китептери да бар. Япон жазуучуларынын (Харуки Мураками, Юкио Мисима, Банана Ёсимото ж.б.) чыгармаларын англис, орус тилдеринде жана түп нускасында окуй аласыз.
Биздин китепканада заманбап авторлордун, бизнес, маркетинг, менеджмент боюнча китептердин, көркөм адабияттын, ашпоздук жана мода журналдарынын кеңири тандоосу бар. Бизнес адабияттары ай сайын жаңыланып турат.
Сиздерди китепканада күтөбүз!

Иштөө убактысы
9:00〜20:00 /
Тыныгуусуз
10:30〜15:30 /
Тыныгуусуз