Коомдук (ачык)
оферта
оферта
Коомдук (ачык) оферта
Терминдер жана аныктамалар
Учурдагы Оферта үчүн төмөнкү терминдер төмөнкү маанилерде колдонулат:
«Акцепт» — Офертанын толук жана сөзсүз кабыл алынышы, бул Офертанын 3-параграфында көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруу жолу менен ишке ашат.
«Макулдашуу» — Колдонуучу менен KRJC ортосунда түзүлгөн, Коомдук (ачык) Оферта формасындагы макулдашуу, ал толугу менен Колдонуучу тарабынан Акцепт жолу менен кабыл алынат.
«Оферта» — бул документ «Коомдук (ачык) Оферта» деп аталып, Интернетте төмөнкү даректе жайгаштырылган: www.kg.krjc.kg/public-offer
«Заказчы» — Коомдук Офертага Акцепт берген жана ошол аркылуу Кызмат көрсөтүүлөрдүн Заказчысы болгон жеке адам.
«Аткаруучу» — «Кыргыз-Япон адамдык ресурстарды өнүктүрүү борбору» коомдук фонду (Бишкек ш., Турусбеков көч., 109, ОКПО 23728891, Салык номери 02202200510038), анын кызматкерлери же Заказчыга Кызмат көрсөтүү үчүн тартылган башка байланыштуу жактар.
«Колдонуучу» — Интернеттеги маалымат ресурстарын колдонуучу жеке адам.
«Сайт» — KRJC жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жайгашкан Интернет сайт: www.kg.krjc.kg
Кызматтар — Колдонуучуларга келе жаткан иш-чаралар, мастер-класстар тууралуу маалымат берүү, япон тили курстарына каттоо, ошондой эле бизнес курстар, атайын семинарлар жана корпоративдик тренингдерди сунуштоо. Кызматтар KRJC тарабынан акы төлөө негизинде көрсөтүлөт. Кызматтардын түрлөрү жана мүнөздөмөлөрү ушул Офертанын 3-параграфында көрсөтүлгөн.
«Jica» — Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги, Япония өкмөтүнүн Расмий өнүгүүгө көмөктөшүү программасынын (ODA) негизги аткаруучу агенттиктеринин бири.
«KRJC» — Кыргыз-Япон адамдык ресурстарды өнүктүрүү борбору.
«Mini MBA» — бизнес башкаруу боюнча практикалык курс. Ал катышуучуларга эффективдүү бизнес башкаруу боюнча билим жана көндүмдөрдү берип, тажрыйба алмашуу жана бизнес байланыштарын кеңейтүүгө шарт түзөт.
«Атайын семинарлар» — бул семинарлар тажрыйбалуу япон жана жергиликтүү эксперттер тарабынан өткөрүлүп, бизнес башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
«Корпоративдик тренингдер» — белгилүү бир компаниянын кызматкерлери үчүн атайын иштелип чыккан жана жабык түрдө өткөрүлүүчү тренингдер.
«Маругото япон тили курстары» - ар кандай деңгээлдеги даярдыкка жана максаттарга жараша япон тилин үйрөтүү үчүн жарым жылдык курстар.
«JLPT экзаменине даярдоо курстары» - япон тилин билүү деңгээлин аныктоо экзаменине даярдоого багытталган курстар.
«Балдар үчүн япон тили курстары» - 10-14 жаштагы балдар үчүн эки-үч апталык киришүүчү япон тили курстары, алар жайкы мезгилде гана өткөрүлөт.
«Маданий курстар» - Япониянын маданияты, салттары жана колдонмо искусствосу менен таанышуу боюнча кыска мөөнөттүү курстар.
«Китепканага абонемент» - KRJC китепкана фондунан пайдалануу укугун алуу үчүн абонемент сатып алуу.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 398-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Коомдук фонд «Кыргыз-Япон адамдык ресурстарды өнүктүрүү борбору» тарабынан түзүлгөн коомдук (ачык) келишим болуп саналат. Андан ары «Аткаруучу» деп аталган бул фонддун атынан кыргыз тарап кош- директор Азимов А. Уставдын негизинде аракеттенет. Бул Макулдашуунун шарттарын кабыл алган жана Аткаруучунун кызматтарын пайдаланууга даяр экенин билдирген юридикалык же жеке жак (мындан ары - «Заказчы») менен кызмат көрсөтүү боюнча Макулдашуу түзүлөт. Көрсөтүлө турган кызматтардын тизмеси Аткаруучунун расмий веб-сайтында (https://www.kg.krjc.kg) жайгашкан прайс-баракчасында көрсөтүлгөн.
1.2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 399-беренесине ылайык, бул коомдук офертанын шарттарын Акцепт кылуу (Макулдашуунун түзүлгөн учуру деп эсептелет) «Заказчы» тарабынан Аткаруучунун кызматтарын төлөө фактысы болуп саналат. Эгерде Тараптар башка шарттарды караган так жазуу жүзүндөгү келишим түзүшпөсө, төлөм фактысы негизги далил катары эсептелет.
2. Келишимдин мазмуну
2.1. Бул офертага ылайык, «Аткаруучу» Заказчынын тандоосуна жараша төмөндө көрсөтүлгөн билим берүү кызматтарын көрсөтүүнү, ал эми «Заказчы» бул кызматтардын акысын төлөөнү өзүнө милдеттенет:
2.1.1. «Мини МВА» аттуу практикалык бизнес башкаруу курсу боюнча теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү. Бул курс боюнча программа жана шарттар веб-сайттагы тиешелүү каттоо бетинде көрсөтүлгөн.
2.1.2. «Business START» – Кесипкерликке киришүү аттуу практикалык курс боюнча теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү. Бул курс боюнча программа жана шарттар веб-сайттагы тиешелүү каттоо бетинде көрсөтүлгөн.
2.1.3. Кардардын тандоосу боюнча белгилүү бир темага арналган атайын семинар үчүн теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү. Программа жана шарттар веб-сайттагы тиешелүү каттоо бетинде көрсөтүлгөн.
2.1.4. «Маругото» аттуу япон тилин үйрөнүү курсу боюнча теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү. Бул курс боюнча программа жана шарттар веб-сайттагы тиешелүү каттоо бетинде көрсөтүлгөн.
2.2. Заказчыны окуу материалдары менен камсыздоо.
2.3. «Заказчы» окуу программасын толугу менен ийгиликтүү аяктаган соң, ага тиешелүү сертификат тапшырылат, ал Курс боюнча окууну бүткөндүгүн тастыктайт.
3. Тараптардын милдеттенмелери
3.1. «Аткаруучу» төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
3.1.1. Жогоруда көрсөтүлгөн курс боюнча Катышуучуга теориялык жана практикалык сабактарды өткөрүү.
3.1.2. Катышуучуну окуу материалдары менен камсыз кылуу.
3.1.3. Зарылчылык жаралган учурда окуу процессин Катышуучу үчүн англис тилинен орус тилине которууну камсыз кылуу.
3.2. «Заказчы» төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттенет:
3.2.1. Бул офертага ылайык, «Аткаруучунун» кызмат акысын төлөө.
3.2.2. «Аткаруучунун» мүлкүн этияттык менен пайдалануу.
3.2.3. «Аткаруучунун» окуу эрежелерин сактоо (1-тиркемеге ылайык).
4. Кызматтардын баасы жана эсептешүү тартиби
4.1. Окуу баасы, КР мыйзамдарына ылайык бардык салык жана төлөмдөрдү эске алуу менен, ар бир курс боюнча каттоо бетинде көрсөтүлгөн жана ал ар кандай жеңилдиктерди камтыйт.
4.2. Каттоо бекитилгенден кийин, окууга катышуу үчүн төлөм 2 (эки) банктык күндүн ичинде, окуунун баасынын 100% өлчөмүндө, «Аткаруучунун» административдик персонал тарабынан каттоо растаган соң жүргүзүлүшү керек.
4.3. Төлөм, окууга кандидаттын арызы текшерилип, акыркы растоосу алынган соң, түзүлгөн код аркылуу жүргүзүлөт. Төлөм төмөнкү төлөм ыкмалары менен жүргүзүлүшү мүмкүн: банктык карталар, электрондук капчык, интернет-банкинг, төлөм терминалдары. Ошондой эле төлөм «Аткаруучунун» банктык эсеп номерине которуу же акчалай түрдө кассадан да жүргүзүлүшү мүмкүн.
5. Офертанын өзгөртүлүшүнө, токтотулушуна жана акчанын кайтарылышына байланыштуу шарттары
5.1. Эгерде «Заказчы» белгиленген мөөнөттөр ичинде төлөмдү жасабаса, «Аткаруучу» бир тараптуу түрдө ушул Офертанын токтотулушуна укуктуу.
5.2. «Заказчы» курс боюнча окууну улантуудан баш тарткан учурда, себептерине карабастан, кызматтардын баасын кайтарып берүү/кайтарбоо шарттары Курстун негизинде өзгөрүп, ар бир курс үчүн өзүнчө аныкталат:
1) Эгерде «Заказчы» курс башталгандан кийин 50% мөөнөт өтпөй баш тартса, төлөнгөн жалпы суммага 50% кайтарылат.
2) Эгерде «Заказчы» курс башталгандан кийин 50% мөөнөт өткөн соң баш тартса, курс үчүн төлөнгөн сумма кайтарылбайт.
5.3. Эгерде «Аткаруучу» тастыкталган мөөнөттө окутууну камсыздай албаса, Заказчынын каалоосуна жараша, «Аткаруучу» кийинки окуу агымында окууну өткөрүүгө же Заказчынын төлөгөн акчасын кайтарууга милдеттенет.
5.4. Тараптар ортосундагы жөнгө салынбаган талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
6. Офертанын күчкө кириши
6.1. Оферта Акцепттин тастыкталышынан тартып күчүнө кирет жана Тараптардын ушул Офертага ылайык алган милдеттенмелерин толугу менен аткарганга чейин күчүндө болот.
6.2. Бул Оферта санарип форматында түзүлгөн жана Аткаруучуда сакталат.
7. Реквизиттер
«Кыргызско-Японский адамдык өнүгүү борбору» коомдук фонду Кыргызстан,
Кыргызстан, Бишкек ш., Турусбекова көч., 109
р/с 1280016018858328
Банк ЗАО КИКБ
БИК 128001
ОКПО 23728891
ИНН 02202200510038
Кыргыз тарап кош- Директор: Азимов А.
МП
«Кыргызско-Японский адамдык өнүгүү борбору» коомдук фонду Бизнес-курстар бөлүмү
«Практикалык бизнес башкаруу» курсу үчүн жалпы эрежелер
Бул эрежелер билим берүү процессин натыйжалуу уюштуруу максатында иштелип чыккан.
- Ар бир катышуучу башкаларга жана курстун тренерлерине урмат менен мамиле кылууга тийиш.
- Сабактар учурунда тартипти жана дисциплинаны сактоо керек.
- Сабактар учурунда мобилдик телефондорду үнсүз режимге коюу керек.
- Окутуу үчүн төлөнгөн акча, 4.2-бөлүмдө көрсөтүлгөн шарттарга ылайык гана кайтарылат.
- Эгерде катышуучу жеке консультацияларды өткөрүү убактысы менен / же аны дайындалган консультант менен макул болбосо, башка катышуучу менен орун алмашууну сунуш кыла алат. Бизнес-курстар бөлүмү жеке консультациялардын графигин же консультантты өзгөртө албайт.
- Сабактар башталгандан мурда, кабыл алуу бөлүмүндө бар экендигин белгилөө керек.
- Модулдар боюнча тестти бир гана жолу тапшырууга болот, жана башка күндөрү тапшырылбайт, сабактан жок болуу себептерине карабастан.
- Күндүзгү топтон кечки топко жана тескерисинче өтүү жагдайы каалана албайт. (Өтүүсү мүмкүн болгону менен, KRJC жетекчилиги тарабынан каралат). *Позитивдүү жооп берилүү кепилдиги жок.
- Тесттин жыйынтыктары KRJCнын стенддерине илинип же социалдык тармактардагы жабык топтордо 4 жумушчу күндүн ичинде жарыяланат.
- Катышуучуга жеке ID номер берилет, анын жардамы менен ал тесттин жыйынтыктарын биле алат.