Бизнес бөлүмү
BUSINESS START КУРСУ
Бизнес Старт - бул ишкерликке киришүү, бизнес-тренерлер жана ийгиликтүү ишкерлер тарабынан коштолот. Бул курс ишкер болууну каалаган, бирок бизнес менен алектенбегендер үчүн башталыш чекити болуп саналат. Курстун максаты — ишкерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана катышуучуларга өз ишин ачууда негиз катары колдоно турган ишке ашырылуучу бизнес идеяларды иштеп чыгуу.
Программа 8 модулдан турат:
Курс боюнча каттоо жылына эки жолу жүргүзүлөт: жаз жана күз.
Максаттар:
Программа 8 модулдан турат:
- 1. Кайдзен,
- 2. Маркетинг стратегиясы,
- 3. Бизнес идеяларды жаратуу,
- 4. Ишкерлик,
- 5. Стратегиялык башкаруу,
- 6. Тайм-менеджмент,
- 7. Бизнес-пландоо.
Курс боюнча каттоо жылына эки жолу жүргүзүлөт: жаз жана күз.
Максаттар:
- 1)Бизнес идеялар жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүнүн айырмаларын түшүнүү. Идеяларды жаратуу жана аларды баалоо үчүн ыкмаларды үйрөнүү жана жөндөмдөрдү өнүктүрүү.
- 2)Идеяны тандап алып, аны ары карай иштеп чыгууну үйрөнүү.
- 3)Кенен мазмун жана тапшырмаларды колдонуп, бизнес-план түзүү процесси жөнүндө түшүнүккө ээ болуу.
- 4)Ар кандай структураларды үйрөнүү менен башкаруу потенциалын бекемдөө.
- 5)Стратегиялык жакындоолорду үйрөнүү жана катышуучулардын компанияларынын бизнес-план долбоорун иштеп чыгуу.
Артыкчылыктары
Курс бизнес идеяларды жаратуу боюнча биринчи кадамдарды жасоого мүмкүндүк берет, ошондой эле бизнес планды туура түзүүнүн негиздери менен билимиңизди күчөтөт.
Курс ийгиликтүү ишкерлердин тажрыйбасы менен таанышууга, япон жана жергиликтүү компаниялардын ийгиликтүү окуяларын жана реалдуу кейс-стадиларды изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Кайдзен системасы – бул үзгүлтүксүз жакшыртуу боюнча япон философиясы.
Япон ишкерлигин жүргүзүү ыкмалары ниша тандоого жана өз бизнес стратегияңызды түзүүгө жардам берет. Катышуучулар маркетингдин негиздерин үйрөнүп, продуктуңузду илгерилетүү үчүн кайсы инструменттер керек экенин билишет.
Программа
Программа жана өткөрүү убактысы
Мазмуну
Бизнес СТАРТ курсун оффлайн жана онлайн, ZOOM платформасы аркылуу өткөрүү пландалган.
Курс жекшембиден шейшембиге чейин, саат 18:00дөн 21:00гө чейин өтөт.
Бардык керектүү окуу материалдары курс катышуучуларына ачык жеткиликтүү болот.
Курс жекшембиден шейшембиге чейин, саат 18:00дөн 21:00гө чейин өтөт.
Бардык керектүү окуу материалдары курс катышуучуларына ачык жеткиликтүү болот.
Ишкерлик
Мазмуну
- Ишкерликке киришүү.
- Ишкерликти жүргүзүүнүн инновациялык методикасын өнүктүрүү.
- Компаниянын инновациялык потенциалы жана ишканада инновациялык активдүүлүктү өнүктүрүү жолдору.
- Бизнес үчүн жаңы идеяларды издөө ыкмалары жана инновациялык долбоорлордун натыйжалуулугун баалоо ыкмалары.
- Ишкерлик коркунучтарын классификациялоо.
Тайм Менеджмент
Мазмуну
- Жеке эффективдүүлүктүн системасын түзүүгө даярдык
- Жеке эффективдүүлүк системасынын негиздери
- Түшүнүктүү тапшырмаларды коюуну үйрөнүү
- Проекттерди башкарууну үйрөнүү
- Күнүмдүк тапшырмалардын маанисин туура орноштурууну үйрөнүү
- Ресурстук абалды башкарууну үйрөнүү
Кайдзен – япон философиясы, үзгүлтүксүз жакшыртуу
Мазмуну
- Кайдзен - япон маданияты, ал бардык этаптарда үзгүлтүксүз жакшыртууга басым жасайт:
- 5S инструментин бизнеске колдонуу;
- 7 жоготуу түрү;
- “Тойота” компаниясынын принциптери.
Бизнес идеяларды жаратуу
Мазмуну
- Бизнес идея же амбициялар. Оңой баштоо. Кесип – Ишкер.
- Ишкер: жашыруун тобокелдиктер, бизнесдин кирешелүүлүгү (рентабелдүүлүк), капитал жүгүртүүсү, сапатты башкаруу (упаковка менен иштөө «дүйнөнү дизайн башкарат»).
- Тобокелдик зонасы: инвестиция же чыгым, компаниянын чыгымсыздык чекити, өсүш индикатору.
Стратегиялык менеджмент
Мазмуну
- Стратегиялык менеджменттин модели жана мааниси
- Өзүнүн уюмуна келечекте стратегиялык көрүнүштү түзүү
- Стратегиялык башкарууда колдонулган анализ түрлөрүн баалоо
- PEST жана SWOT анализдерин талдоо
- Компаниянын бизнес моделин талдоо, анын стратегиянын натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча пайда алуу көз карашынан
Маркетинг стратегиясы
Мазмуну
- Практикалык маркетинг: рынок системасы, компаниянын позициясы, өнүгүү.
- Биринчи деңгээлдеги маркетинг: Алтын үч бурчтук – Товар-Жарнама-Сатуу. Кардарларга көңүл буруу, сатуу системасын куруу, жарнама жана сатуу.
Бизнес пландоо
Мазмуну
- Бизнес пландоо - бизнести башкаруу куралы катары;
- Бизнес пландоонун методикасы;
- Презентация даярдоо жана практикалык бөлүк.