Бизнес бөлүмү

MINI MBA

alt

MINI MBA – бул бизнес башкаруу боюнча практикалык курс

Курс бизнес пландоо модулдарынан жана консультациялардан турат. Негизги максаты – катышуучуларды жаңы бизнес ачуу, жаңы товар же кызмат көрсөтүү түзүү жана иштеп жаткан ишканалардын башкаруусун жакшыртуу көндүмдөрүнө үйрөтүү. Окутуу методологиясы интерактивдүү лекцияларды, топтук практикалык сабактарды, бизнес-ситуацияларды (кейс стадияларды) изилдөөнү жана башка ыкмаларды камтыйт.

2004-жылдан бери Кыргыз-Япон борбору жылына эки жолу «Практикалык бизнес башкаруу курсун» уюштуруп келет. Бул үч айлык программа MBA форматына окшош. Биздин курстун бүтүрүүчүлөрүнүн арасында ири жана ийгиликтүү компаниялардын өкүлдөрү бар.

Курстун максаты - катышуучуларды бизнес пландоо жана бизнес процесстерди оптималдаштыруу көндүмдөрүнө үйрөтүү, эффективдүү бизнес башкаруу боюнча билим жана практикалык көндүмдөрдү берүү, тажрыйба алмашуу жана бизнес байланыштарды кеңейтүү.

Максаттуу аудитория - ишкердик менен алектенгендер жана жаңыдан баштагандар, компаниялардын директорлору жана менеджерлери, жеке жана командалык натыйжалуулугун жогорулатууну каалагандар.

Курс жылына эки жолу: жазында жана күзүндө өтөт
Таңкы сабактар: 09:30 – 12:30
Кечки сабактар: 18:00 – 21:00 (курстун толук графиги катталуу учурунда берилет.)
Программага катышуу үчүн талаптар:
  • Реалдуу бизнес идеянын болушу;
  • Жогорку билим – кааланып турат;
  • Курстун бардык сабактарына катышуу мүмкүнчүлүгү (жумасына 5 күн, дүйшөмбүдөн жумага чейин, ошондой эле курстун графигине ылайык ишемби күндөрү да сабактар каралган).
Артыкчылыктары
Курс биринчи кадамдарды иштеп чыгуу жана бизнес пландарын түзүүнүн негиздери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Курс ийгиликтүү ишкерлердин тажрыйбасы менен таанышууну, япон жана жергиликтүү компаниялардын реалдуу кейс стадияларын жана ийгилик тарыхтарын изилдөөнү камсыз кылат. Кайдзен системасы – үзгүлтүксүз өнүгүүнүн япон философиясы.
Япон ишкердик методдору нишаны тандоого жана өзгөчө бизнес стратегиясын түзүүгө жардам берет. Катышуучулар маркетингдин негиздерин үйрөнүп, өз продукциясын илгерилетүү үчүн зарыл болгон инструменттер менен таанышат.

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.