Япон тили бөлүмү / JF тил борбору
Япон тили бөлүмү/JF тил борбору кеңири чөйрөгө япон тили курстарын сунуштайт. Маругото - 15 жаштан өйдө адамдар үчүн, “Атайын курстар“ - япон жана кыргыз компанияларынын өтүнүчү боюнча, мектеп окуучулары үчүн курстар - “Junior course“, “JLPT таныштыруу курстары“. Ошондой эле баарлашуу клубунун алкагындагы иш-чаралар – «Япон тилинде презентация» жана «Япон тилинде кыска видеоклиптердин сынагы» япон тилине кызыккандардын санын көбөйтүүгө багытталган.
«Маругото» курсу Япония Фондунун япон тилин окутуунун жаңы стандарттарынын негизинде иштелип чыккан жана эки бөлүктөн турат - коммуникативдик кеп жана грамматика. Бул курстун негизги өзгөчөлүгү - көпчүлүк маалымат угуу жолу менен кабыл алынат, тилди өздөштүрүүнүн табигый ыкмасы. Marugoto курстары 6 деңгээлге, ошондой эле N3 жана андан жогору деңгээлге ээ болгондор үчүн орто-жогорку деңгээлге ээ. Бир эле учурда япон тилин бардык деңгээлде 90-100 адам окуйт. Мындан тышкары KRJC жылына 1-2 жолу ишканалардын өтүнүчү боюнча балдар үчүн “Junior course”, «Адис курстар» жана «JLPT таныштыруу курстары» курстарын өткөрөт. Жалпысынан KRJCда 6200дөн ашык адам окутулду.
Курстар япон компанияларынын талаптарын жана сунуштарын эске алуу менен уюштурулган. Бул курстар Кыргызстандын студенттерине Япониянын ишканаларында жогорку квалификациялуу кадрлар катары иштөө үчүн япон тилин үйрөтөт.
Япон тили бөлүмүнүн
программасы жөнүндө
KRJC ишмердүүлүгүнүн бири каалагандар үчүн япон тилин үйрөнүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берүү. KRJC 2013-жылдын августунда япон тилин үйрөтүү боюнча Япония фонду менен кызматташууну баштаган жана япон тилин окутуу стандарты JF (Japan Foundation) стандартына негизделген.
Окутуунун жогорку деңгээлин камсыз кылуу учун япон адистери сабактарды даярдоого жана өткөрүүгө контролдук кылышат, жергиликтуу мугалимдерди сабакка даярданууга жардам беришет. KRJC мугалимдери Японияда билим алган тажрыйбалуу адистер.