Бизнес бөлүмү
Бүтүрүүчүлөр клубу (Hajime Business Club)
Бүтүрүүчүлөр клубу
(Hajime Business Club)
(Hajime Business Club)
Hajime Business Club – бул практикалык мини MBA курсунун бүтүрүүчүлөрү үчүн түзүлгөн клуб болуп, ал өз ыктыяры менен иштейт. Клубдун максаты – клуб мүчөлөрүнүн ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүү жана алардын бизнесин өнүктүрүүгө салым кошуу. Клуб Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү чогулган уникалдуу аянтча болуп саналат.
Hajime Business Clubдун негизги максаты – Япон борборунун бизнес курстарына катышкан бүтүрүүчүлөргө бизнес башкаруу боюнча билим жана көндүмдөрдү алуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ошондой эле клубдун чегинде билим алмашуу.
Клубдун ишмердүүлүгү ыктыярдуулук жана тең укуктуулук принциптерине негизделген. Клубдун иши төмөнкүдөй багыттарды камтыйт:

- Мүчөлөрү ортосундагы өз ара байланыштарды сактоо (клуб аркылуу байланыштар тармагын өнүктүрүү);
- Казакстан–Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору жана Өзбекстан–Япон борбору менен кызматташуу, ошондой эле JICA бүтүрүүчүлөрү ассоциациясы жана башка ассоциациялар менен;
- Кызыгуулар боюнча топторду түзүү (мисалы, Кайдзен клубу);
- Япон борборунун ишине салым кошуу;
- Клубдун мүчөлөрүнүн жылдык жыйынын уюштуруу;
- Клубду өнүктүрүүгө багытталган башка иш-чаралар.