Биздин артыкчылыктар
Эки өлкөнүн уюмдары менен адамдарын бириктирген платформа
Биз Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда бизнес, билим берүү жана маданий алмашуу жаатындагы мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшкөн уникалдуу платформа болуп эсептелебиз.
28 жылдан ашык эмгек тажрыйба
Бизде Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана өнүктүрүү программалары, бизнес билимдерди берүү жана япон тилин окутуу тармагында 28 жылдан ашуун иш тажрыйбасы бар.
Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор
Биз адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруучу платформа болуп саналабыз. Бул долбоорлор Япониянын Эл аралык Кызматташтык Агенттиги (JICA) жана Япон Фонду (JF) тарабынан ишке ашырылат.
Кесипкөй бизнес лекторлордун командасы
Биздин бизнес семинарларыбыздын жана тренингдерибиздин лекторлору – бизнес тармагында чоң тажрыйбага ээ болгон япон адистери жана Японияда тажрыйба алмашуудан өткөн практик-лекторлор.
Япон тилин окутуунун натыйжалуу системасы
Биз Кыргыз Республикасында Япон Фонду тарабынан иштелип чыккан стандарттар боюнча япон тилин окутууну киргизген алгачкы уюм болуп саналабыз.
Маданий өз ара түшүнүүнү өнүктүрүү көпүрөсү
Биз Кыргыз Республикасы менен Япония элинин ортосунда маданият аралык баарлашууну өнүктүрүү, Японияда билим алуу боюнча маалымат берүү жана япон өнөрдүн түрлөрү менен таанышуу үчүн уникалдуу аянтчабыз.