Жаңылыктар

Жаңылыктар
Япониянын Тышкы иштер министринин орун басары Эри Арфия айым баштаган делегация Кыргыз-Япон борборуна (KRJC) келди
19 августа 2026 г.

15-августта Кыргыз Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз-Жапон борборуна (KRJC) Япониянын Тышкы иштер министринин орун басары Эри Арфия айым баштаган делегация келди. 

Бул сапар Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити мырзанын, ошондой эле Япониянын Тышкы иштер министрлигинин жана Япониянын КРдагы Элчилигинин өкүлдөрүнүн коштоосунда өттү. Сапардын негизги максаты KRJCнин ар тараптуу ишмердүүлүгү менен таанышуу болду. Меймандарга Борбордун негизги иш багыттары — бизнес-билим берүү программалары, япон тили курстары жана маданий-гуманитардык алмашуу долбоорлору тууралуу маалымат берилди. 

Сапардын алкагында делегация мүчөлөрү япон тилин үйрөнүп жаткан, ошондой эле билим берүү жана маданий программалардын алкагында Японияга барып келген студенттер менен жолугушту. 

Делегация өкүлдөрү KRJCнин адам ресурстарын өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалап, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодо Борбордун өзгөчө ролун белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.