Жаңылыктар

Кулактандыруу
“Япон добулбастары” курсуна кабыл алуу
25 августа 2026 г.
“Япон добулбастары” курсуна кабыл алуу

Япон маданиятына, тагыраак айтканда, япон добулбастарында ойноого кызыккандар үчүн сонун жаңылык! 

Биз кайрадан окутуу курстарын баштайбыз, ал жерден сиз тайко сырларына тереңирээк аралашып, добулбаста ойноонун негиздерин үйрөнө аласыз😍

Бул үчүн эмне кылуу керек? 
- 18 жаштан жогору болуу😁 
- KRJC сайтынан анкетаны жүктөп алуу (шилтеме профилдин сүрөттөмөсүндө) жана толтурулган анкетаны биздин [email protected] электрондук дарекке жөнөтүү 
- Анкеталарды кабыл алуу мөөнөтүнүн аякташын күтүү. 
- Окууга өткөндөрдүн тизмесинен өзүңүздү табуу. 
- Курстарда окуу боюнча акыркы чечимди кабыл алуу, анткени андан кийин жашооңуз мурункудай болбойт 😁

Курс 3 айга созулат, сабактар жумасына 1 жолу (иш күндөрү) саат 19:00дөн 21:00гө чейин өткөрүлөт. 

Толук курс үчүн төлөм: 2500 сом. 

Анкеталарды кабыл алуу 25-августтан 22-сентябрга чейин жүргүзүлөт. 

Кененирээк маалымат Анкетанын өзүндө берилген.
 

АНКЕТАГА ШИЛТЕМЕ - Анкетаны көчүрүү

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.