Жаңылыктар
Урматтуу достор!
Сиздерге жакында өтө турган «Япон тилиндеги презентация жана маданий алмашуу» алдыдагы иш-чарага катышууга чакырабыз!
Иш-чара эки бөлүктөн турат:
1-бөлүк: 18:00–19:00 — «Япон тилиндеги презентация»
Презентациянын темасы: «Саякат»
Биринчи бөлүктө алдын ала спикер катары тандалып алынган катышуучулар өз презентацияларын сунушташат.
Спикерлер саякаттары тууралуу кызыктуу окуялары жана фактылары менен бөлүшүп, буга чейин барып келген жерлери, ошондой эле келечекте кайсы жакка жана эмне үчүн саякаттагысы келери тууралуу айтып беришет.
*Презентацияны алдын ала спикер катары катталган катышуучулар гана даярдай турганын эске салабыз (Япониядан 2 жана Кыргызстандан 2 катышуучу).
Ал эми башка каалоочулар иш-чарага угарман катары катыша алышат.
2-бөлүк: 19:00–20:00 — «Маданий алмашуу»
Экинчи бөлүктө катышуучулар чакан топторго бөлүнүп, япон тилинде бири-бири менен баарлаша алышат.
Талкуунун темасы саякатка байланыштуу болот. Сиздер төмөнкү темалар тууралуу айтып бере аласыздар:
- буга чейин барып келген жерлериңиздер;
- саякаттагыңыз келген өлкө же шаар;
- эсиңизде өзгөчө калган саякатыңыз;
- келечекте жасагыңыз келген саякат.
Бул - япон тилин практика жүзүндө колдонууга, жаңы адамдар менен таанышууга жана бири-бириңиздердин саякат тажрыйбаңыздар жана маданиятыңыздар тууралуу көбүрөөк билүүгө** сонун мүмкүнчүлүк!
Катышуучулардын максималдуу саны: 35 адам
Күнү: 4-сентябрь (жума)
Убактысы: 18:00–20:00
Өткөрүлүүчү жери: KRJC
Катталуу үчүн QR-кодду сканерлеңиз же шилтемесине өтүңүз: https://forms.gle/tbLZBsDtXr5neXZf8
Иш-чарага алдын ала катталган катышуучулар гана киргизилет.
Сиздерди кезектеги маданий алмашуу иш-чарабызда күтөбүз!

