Жаңылыктар

Иш-чаралар жана курстар
«Иродори» курстарына кабыл алуу
7 августа 2026 г.

«Иродори» онлайн япон тили курстарына кабыл алуу башталганын кубануу менен билдиребиз!

 

ЯПОН ТИЛИН КАЙСЫ ЖЕРДЕ БОЛБОСУН ҮЙРӨНҮҢҮЗ!

 

Бул курстар япон тилин жаңыдан үйрөнө баштагандарга да, билимин улантууну каалагандарга да ылайыктуу. Онлайн форматтын аркасында Кыргызстандын каалаган аймагынан катышууга болот.

 

Окуу мөөнөтү: 21-сентябрынан 27 ноябрга чейин

 

Жеткиликтүү деңгээлдер:
🔹 Киришүү деңгээли, 1-курс (нөлдөн баштап)
🔹 Киришүү деңгээли, 2-курс
🔹 Негизги деңгээл 1 (A2)
🔹 Негизги деңгээл 2 (A2)

 

Окуу форматы:
* Онлайн сабактар жумасына 2 жолу, ар бири 2 сааттан
* Курстун узактыгы — 10 жума
* Кыргызстандын каалаган аймагынан катышууга болот

 

Катышуучулардын жашы: 15 жаштан жогору

 

Толук курстун баасы:
* 5 000 сом — аймактардан катышуучулар үчүн
* 8 000 сом — Бишкек шаарынын тургундары үчүн

 

MBANKтын M+ кызматы аркылуу бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

 

Катталуу жана актуалдуу маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:
+996 558 988 005
+996 555 787 091

 

Бул күздө япон тилин үйрөнүүнү баштап, жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай дагы бир кадам жасаңыз!

 

Сиздердин арыздарыңызды күтөбүз!

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.