Жаңылыктар

Урматтуу достор, көңүл буруңуздар!
Кыргыз жана япон элдеринин маданияты менен достугунун фестивалы — Японияны жактырган, анын салттарын, маданиятын жана Кыргызстан менен болгон азыркы байланышын тереңирээк билгиңиз келсе, сиздерге сонун мүмкүнчүлүк бар!
Сиз япон маданияты менен таанышкыңыз келсе; 24-май күнү Сацуки Мацуриге катышканга чакырабыз!
"Сушибармак" группасынын ырларын угуп, япон маданиятындагы чай аземине катышып, каллиграфия, оригами, япон оюндарын ойноп көрө аласыз.
Андан тышкары, Кыргызстанда иштеген япон жана кыргыз компаниялары менен таанышып, япон улуттук тамактарын татып көрө аласыз
Күнү: 24-май (ишемби)
Убактысы: 12:30 – 17:00
Дареги: Турусбеков көчөсү 109 (КНУнун 7-корпусу), Жаштар аллеясы тарабынан кириши