Жаңылыктар
Урматтуу китепкана колдонуучулары, биздин текчелерде орус тилинде бизнес боюнча жаңы китептер пайда болду!
Андан тышкары, жапон тилинде жаңы журналдар да бар!
- Newsga wakaru, 2025-ж. апрель айы - жапон тилин үйрөнгөндөр үчүн жаңылыктарды жөнөкөй тил менен түшүндүргөн журнал. Журналды окуп, сиз коомдук окуяларга кызыга баштайсыз жана жапон тилиндеги тексттерди окуп, түшүнүү жөндөмүнө ээ болосуз.
- Токе, тиккен, жүндү чийүү… «Sutekini Handmade», 2025-ж. апрель айы - кол өнөрчүлүктү жандуу жана түшүнүктүү түрдө жеткирет.
- MORE, Spring 2025 - Япониядагы мода журналы.
«Ар дайым сиздер үчүн жаны китептер»!
Китепканага келип, жаңы китептерден менен журналдардан ырахат алыңыздар.
Жаңы китептер тууралуу толук маалыматты биздин веб-сайтта "Жаңы китептер" бөлүмүнөн көрө аласыз: https://krjc.kg/library/search
Билдирме: Биздин китепканада акысыз пайдалана турган окуу залы бар. Ошондой эле китептерди үйгө алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар – ал үчүн абонемент картасын көрсөтүү керек.
Абонементтин баасы:
12 айга – 700 сом
6 айга – 500 сом
Иш тартиби:
Дүйшөмбү – Жума: 9:00 – 20:00 (түшкү тыныгуусуз)
Ишемби: 10:30 – 15:30 (түшкү тыныгуусуз)
Жекшемби – эс алуу күнү
KRJC төмөнкү даректе жайгашкан:
Бишкек шаары, Турусбеков көч. 109 (Фрунзе көч. кесилишинде), КУУнун 7-корпусу, 2-кабат.
Байланыш номери: +996 312 906 580, 906 581.