Жаңылыктар
Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору япон тили мугалимдерин окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, окутуунун практикалык ыкмалары менен алмашууга жана япон тилин окутууда жасалма интеллект (AI) куралдарын колдонууга арналган окуу семинарына чакырат.
Датасы: 2026-жылдын 14-марты
Убактысы: 14:00–17:00
Өтүүчү орду: Ош шаары
Катышуу: Акысыз
Семинар сабак үчүн жаңы идеялар менен таанышууга, окутуудагы практикалык тажрыйба менен бөлүшүүгө жана аймактагы кесиптештер менен кесиптик байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Катышуу үчүн профилдин taplink шилтемеси аркылуу катталууңуздарды суранабыз.
Каттоо 10-мартка чейин уланат
Байланыш телефону: +996 555 787 091
Сиздерди абдан күтөбүз!

