Жаңылыктар

Иш-чаралар жана курстар
Ош ш. япон тили мугалимдери үчүн өткөрүлгөн семинардын жыйынтыгы боюнча отчёт
11 ноября 2026 г.

2026-жылдын 31-октябрында Кыргыз-Япон адамдык өнүгүү борбору (KRJC) Ош шаарында япон тили мугалимдери үчүн «Жасалма интеллекттин жардамы менен япон тили боюнча окуу материалдарын түзүү» аттуу семинар өткөрдү.

Иш-чарага Ош шаарындагы жана башка аймактардагы ар түрдүү билим берүү мекемелеринде эмгектенген япон тили мугалимдери катышты.

Семинардын лектору катары Япония фондунун эксперти чыгып, катышуучуларга япон тилин окутууда жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Семинардын алкагында мугалимдер окуу материалдарын иштеп чыгууда жана ылайыкташтырууда жасалма интеллектти колдонуу боюнча практикалык билимдерге жана сунуштарга ээ болушту.

Семинар кесиптик тажрыйба алмашуу, жаңы инструменттер менен таанышуу жана япон тилин окутуунун жаңы ыкмаларын талкуулоо үчүн жакшы аянтча болду.

Иш-чаранын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Семинарга активдүү катышып, кызыгуу көрсөткөн бардык мугалимдерге ыраазычылык билдиребиз!

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.