Жаңылыктар

Жаңылыктар
Япон тилинде баарлашуу тажрыйбасы бар балдар үчүн курс тууралуу отчёту
28 октября 2026 г.

KRJCде япон тили боюнча сабактар жаңы форматта өттү!

 

24-октябрда япон тилинде баарлашуу тажрыйбасы бар балдар үчүн уюштурулган курстун катышуучулары япон тилинде сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүп, андан тышкары япондордун салттуу кийими - юката аркылуу япон маданияты менен жакындан таанышууга да мүмкүнчүлүк алышты.

 

Программа тил үйрөнүүнү, жандуу баарлашууну жана япон салттары менен таанышууну айкалыштырып, сабакты кызыктуу жана пайдалуу кылды.

 

Бардык катышуучуларга кызыгуу көрсөткөнү, активдүү катышканы жана жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз! Бул сабак сиздерге жаңы билимдерди, жаркын таасирлерди, япон тилин жана маданиятын үйрөнүүгө болгон дагы чоң каалоону тартуулады деп ишенебиз.

 

Алдыда сиздерди жаңы программалар, кызыктуу сабактар жана Япония тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүктөр күтүп турат.

 

Биздин баракчабыздагы жаңылыктарга көз салып туруңуздар! Кийинки иш-чаралар жана алардын өтүү күндөрү тууралуу кошумча маалыматты сөзсүз жарыялайбыз!

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.