Жаңылыктар
Кыргызстандагы жапон делегациясы
Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык
Жапон делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Япониянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, Улуттук госпиталга жана Кортекс медициналык борборуна барышты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, шашылыш жана жогорку технологиялуу медициналык жардамды өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана медициналык адистерди даярдоо маселелерине көңүл бурулду.
Бул жолугушуулар Кыргызстан менен Япониянын саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого өбөлгө түздү.








