Жаңылыктар
Кыргызстандагы жапон делегациясы
Билим берүү тармагындагы кызматташтык
Жапон делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Япониянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуп, А. Молдокулов атындагы инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейине жана № 2 орто мектепке барышты.
Жолугушууларда башталгыч билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуунун жапон тажрыйбасын бөлүшүү, санариптик билим берүү платформаларын колдонуу жана окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу маселелери талкууланды.
Бул жолугушуулар билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашууга жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.






