Жаңылыктар

Жаңылыктар
Кыргызстандагы жапон делегациясы
19 октября 2026 г.

Кыргызстандагы жапон делегациясы

Жапон делегациясынын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында бизнес чөйрөсүн жакшыртуу боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чараны Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги жана Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) уюштурду.

Жапон делегациясынын курамына төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү кирди:

▪️ METI — Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлиги (Ministry of Economy, Trade and Industry);

▪️ AOTS — Чет өлкөлөр менен техникалык кызматташтык жана туруктуу өнөктөштүк ассоциациясы (The Association for Overseas Technical Cooperation and Sustainable Partnerships);

▪️ KNI — Kitahara Medical Corporation, Япониянын медициналык корпорациясы;

▪️ Keirinkan — окуу адабияттарын чыгарууга адистешкен жапон басмаканасы;

▪️ Digital Knowledge — санариптик билим берүү жана билим берүү технологиялары жаатында иш алып барган жапон компаниясы.

Тегерек столго ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси мырза Хирано, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана башка тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес чөйрөсүн жакшыртуу, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, санариптик трансформация жана квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.