Жаңылыктар

Жаңылыктар
Япон тилинде баарлашуу тажрыйбасы бар балдар үчүн курстар
19 октября 2026 г.

KRJC балдарды япон тили боюнча жаңы форматтагы сабактарга чакырат!

 

Негизги басым — япон тилинде эркин баарлашууга жана тилдик көндүмдөрдү улуту япон болгон адамдар менен бирге өнүктүрүүгө жасалат.

 

Биринчи сабакта: япон маданияты менен таанышып, салттуу япон кийими – юкатаны кийип көрүү мүмкүнчүлүгү болот.

 

Курс кимдерге ылайыктуу?

-Япон тилинде баштапкы билими бар балдар үчүн.

 

Маанилүү маалымат: курс япон тилин нөлдөн баштап үйрөнүп жаткандарга арналган эмес. Катталууда балада япон тили боюнча баштапкы билим же тил менен баарлашуу тажрыйбасы болушу керектигин эске алууңуздарды суранабыз.

 

Биринчи сабак: 24-октябрь (ишемби)
Убактысы: 13:00дөн 14:00гө чейин
Форматы: офлайн (сабакка жеке катышуу)
Баасы: 500 сом
Катышуучулар: 3–7-класстын окуучулары
Катышуучулардын саны: 7–10 окуучу

 

Анкетаны кабыл алуу жана төлөм жүргүзүү – 23-октябрга чейин.

 

Катталуу үчүн экинчи посттогу QR-кодду сканерден өткөрүп, же баракчабыздын башындагы TapLink шилтемесине өтүңүз.

 

Кошумча суроолор боюнча төмөндө көрсөтүлгөн номерлерге кайрылсаңыздар болот:

+996 558 988 005
+996 555 787 091

 

Балаңызга япон тилин практика жүзүндө колдонууга жана япон маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк тартуулаңыз!

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.