Японияда окуу

about page
Япониянын ЖОЖунан жогорку билим алуунун артыкчылыктары:

Оффлайн/онлайн кеңеш
алууга жазылуу

Япониянын билим берүүсү дүйнөдөгү күчтүү жана ар дайым алдыга умтулган билим берүүнүн бири болуп саналат. Японияда окуу ардактуу япон жана чет элдик педагогдордун жетекчилиги астында тандалган адистиктин акыркы жетишкендиктерин изилдөөгө, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча студенттер менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Япониянын жогорку билим берүү тутуму мектеп окуучулары, лицейчилер, бакалаврлар, магистрлер үчүн ар кандай программаларды, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер үчүн атайын программаларды сунуштайт. Көптөгөн университеттер окуу тилин: англис же япон тилдерин сунушташат, бул япон тилин билбеген студенттерге университетке кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жогорулатат.

Японияда 12 жылдык толук орто билим берүү программасы болсо, Кыргызстанда 11 жылдык программа болгонуна карабай япониянын ЖОЖдоруна тапшыруунун 2 жолу бар:

  • 1. Япон тил мектебинде бир жылдык даярдоо курсун өтүү;
  • 2. Кыргызстанда бакалавриаттын 2-курсуна өткөндөн кийин Япониянын бакалавриатына тапшыруу.

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.