Жаңылыктар

Кулактандыруу
Жаңы китептер!
10 марта 2025 г.
Жаңы китептер!

 Урматтуу китепкана колдонуучулары, биздин текчелерде орус тилинде  бизнес боюнча жаңы китептер пайда болду!

 Андан тышкары, жапон тилинде жаңы журналдар да бар!

Newsga wakaru, 2025-ж. февраль айы - жапон тилин үйрөнгөндөр үчүн жаңылыктарды жөнөкөй тил менен түшүндүргөн журнал. Журналды окуп, сиз коомдук окуяларга кызыга баштайсыз жана жапон тилиндеги тексттерди окуп, түшүнүү жөндөмүнө ээ болосуз.
Токе, тиккен, жүндү чийүү… «Sutekini Handmade», 2025-ж. февраль айы - кол өнөрчүлүктү жандуу жана түшүнүктүү түрдө жеткирет.

«Ар дайым сиздер үчүн жаны китептер»!
Китепканага келип, жаңы китептерден менен журналдардан ырахат алыңыздар.

 Жаңы китептер тууралуу толук маалыматты биздин веб-сайтта "Жаңы китептер" бөлүмүнөн көрө аласыз: https://krjc.kg/library/search

Билдирме: Биздин китепканада акысыз пайдалана турган окуу залы бар. Ошондой эле китептерди үйгө алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар – ал үчүн абонемент картасын көрсөтүү керек.
Абонементтин баасы:
12 айга – 700 сом
 6 айга – 500 сом

 Иш тартиби:
Дүйшөмбү – Жума: 9:00 – 20:00 (түшкү тыныгуусуз)
Ишемби: 10:30 – 15:30 (түшкү тыныгуусуз)
Жекшемби – эс алуу күнү

KRJC төмөнкү даректе жайгашкан:
Бишкек шаары, Турусбеков көч. 109 (Фрунзе көч. кесилишинде), КУУнун 7-корпусу, 2-кабат.

Байланыш номери: +996 312 906 580, 906 581. 

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.