Жаңылыктар

Кулактандыруу
Тынчтык күнү - 1000 турна акциясы!
29 июля 2026 г.
Тынчтык күнү - 1000 турна акциясы!

Японияда байыркы ишеним бар: эгерде кагаздан 1000 турна бүктөлсө, ак дилден тилеген эң аруу тилек сөзсүз орундалат. 

Жыл сайын Хиросимадагы Эскерүү сейил багына дүйнөнүн чар тарабынан үмүттүн, жакшылыктын жана тынч келечекке болгон умтулуунун символу катары миңдеген кагаз канаттуулар келип түшөт. Биз, KRJC борбору, сиздерди ушул сонун салттын бир бөлүгү болууга чакырабыз! Келиңиздер, Японияга аяр жөнөтүлө турган 1000 турнаны биргеликте чогултабыз! 

КАНТИП ИШ-ЧАРАГА КАТЫШСА БОЛОТ? 
1) Сиз KRJCге иш-чарага чейинки каалаган ыңгайлуу убакытта же «Тынчтык күнү» күнү түздөн-түз келсеңиз болот. 
2) Борбордун кабыл алуу бөлүмүнөн сизге кагаз жана аны бүктөөнүн кадамдык схемасы толугу менен акысыз берилет. 
3) Турна схеманын жардамы менен дароо эле ошол жерден бүктөсөңүз болот, ал эми кыйынчылыктар жаралса, кызматкерлерибиз жардамга келет. Сиз калтырган турна биздин жалпы коллекцияны толуктайт! 

Акция бүгүн башталып, 8-августта өтө турган башкы иш-чарабыз - "Тынчтык күнүнө" чейин уланат. 

Күнү: 8-август (ишемби) 
Убактысы: саат 12:00дөн 15:00гө чейин 
Дареги: Турусбеков көчөсү 109, КУУнун 7-корпусу, 2-кабат (KRJC) 

Кирүү акысыз

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.