Жаңылыктар

Кулактандыруу
«Сацуки Мацури» фестивалы
10 мая 2026 г.
«Сацуки Мацури» фестивалы

Достор, жаздын эң атмосфералуу фестивалына даярсыңарбы?

«Сацуки Мацури 2026» кайрадан Бишкекте өтөт!
23-май күнү шаар япон маданиятына, музыкага жана өзгөчө фестивалдык атмосферага толот!

Сиздерди төмөнкүлөр күтөт:
— сахнадагы кызыктуу шоу жана концерттик программалар
— жапон согуш өнөрлөрү
— каллиграфия, оригами жана интерактивдүү мастер-класстар
— салттуу оюндар жана чай аземи
— юката кийип көрүү, фотозоналар жана кооз көз ирмемдер
— япон тамактары жана Кыргызстандагы жапон компаниялары менен таанышуу

Бул күндү япон стилинде — жаркын, кызыктуу жана даамдуу өткөрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк!

Дата: 23-май 2026-жыл (ишемби)
Убактысы: 12:30 – 17:00
Дареги: Турусбеков көчөсү 109, КУУнун 7-корпусу
(кирүү Жаштар аллеясы тарабынан)

Датаны сактап коюңуздар жана досторуңуздарды чакырыңыздар — сиздерди күтөбүз!
 

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.