Жаңылыктар

Жаңылыктар
Манга көргөзмөсү “Келиндин баяны”
29 апреля 2025 г.
Манга көргөзмөсү “Келиндин баяны”

Бишкекте “Келиндин баяны” манга көргөзмөсү өтүлөт! 

15 майдан 29 майга чейин, эл аралык “Япониянын жазы” фестивалдын алкагында белгилүү япон сүрөтчү-мангакасы Каору Моринин чыгармалар көргөзмөсүнө чакырабыз! 

Көргөзмөдө анын дүйнөгө таанымал “Келиндин баяны” аттуу мангасы коюлат — бул XIX кылардын аягында Каспий деңизинин жээгиндеги чакан айылда жашаган элдердин тагдыры, үрп-адаттары тууралуу терең жана жүрөктү эзген баяндоо. Манга өзүнүн тарыхый тактыгы жана көркөм графикасы менен тан калтырат. 

Көргөзмөнүн ачылышы: 15 май, саат 15:00 
Көргөзмөнүн мезгили: 15 майдан 29 майга чейин 
Өткөрүлүүчү жер: "Gallery M" галереясы (жаңы ЦУМ, 4-кабат) 

Көргөзмө Казакстандык гуманитардык “Дегдар” фонду тарабынан уюштурулган. 

Япон мангасынын керемет дүйнөсүнө сиңип, Каору Моринин чыгармалары аркылуу Чыгыштын назик дүйнөсүн сезип көрүңүз! 

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.