Жаңылыктар

Жаңылыктар
"KRJC Каарманы" сынагынын жыйынтыктары!
22 июля 2025 г.
"KRJC Каарманы" сынагынын жыйынтыктары!

KRJC борбору «KRJC Каарманы» сынагынын жеңүүчүсү — Нурбек кызы Сырга. Анын иши оригиналдуу идеясы жана символикалык мааниси менен калыстар тобун кубантырды. 

Жеңүүчүнүн образы — Юкибарс. Аты япон тилинен «Юки» (кар) жана кыргыздардын «Барс» сөздөрүнөн алынган. Юкибарс Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достукту жана маданий гармонияны билдирет. 

Ал төмөнкү баалуулуктардын символу: 
- Тынчтык жана достук 
- Акылмандык жана маданий сабаттуулук 
- Сакурага жана көк түскө болгон сүйүү 
- Жардам берүүгө даярдык 

Юкибарс KRJC борборунун 30 жылдыгына карата расмий талисман болуп, алдыдагы долбоорлордо жана иш-чараларда борбордун жүзү болот. 

Каарманды жакындан көрүп, эсте каларлык сүрөттөрдү тартып кетүү үчүн баарыңарды KRJCге чакырабыз! 

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.