Жаңылыктар

Иш-чаралар жана курстар
Япон тилиндеги видеопрезентациялар конкурсу
3 ноября 2025 г.
Япон тилиндеги видеопрезентациялар конкурсу

Япон тилин үйрөнүп жатасызбы жана өзгөчө бир нерсе менен бөлүшкүңүз келеби? 

Анда, видеопрезентация конкурсуна катышып көрүңүз! 

Быйылкы темабыз — «Жыл мезгилдери жана эскерүүлөр» 

Кыргызстан ар бир мезгилде өзгөчө кооз: жазында гүлгө оронгон өрөөндөр, жайында тоо көлдөрү, күзүндө мөмө-жемиш бактар, кышында аппак кар баскан тоолор.

Ар бир мезгил сизде кандай эскерүүлөрдү жаратат?

Эскерүүлөрүңүздү жапон тилинде айтып берип, өзүңүздүн жылуу окуяңыз менен Япониянын эли менен бөлүшүңүз!

 

Бул конкурс — япон тилиндеги жөндөмдөрдү өркүндөтүүгө, көпчүлүк алдында сүйлөө тажрыйбасын алууга, маданияттар аралык байланыштарга салым кошууга жана, албетте, сонун белектер менен шыктанууга эң сонун мүмкүнчүлүк! 

Видеопрезентация тапшыруунун акыркы күнү: 5 декабрь (жума)

Байланыш: +996 (555) 787 091

Конкурс боюнча катталуу үчүн анкета формасы: https://forms.gle/oshdLDkY5A3EC8HN8

Конкурстун эрежелери жана толук маалымат: https://drive.google.com/file/d/1Ba3QF-QD91qmYXgRGPlaUOZUfrXaU-t2/view?usp=sharing 

Биз сиздин чыгармачыл эмгектериңизди күтүп жатабыз! 

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.