Жаңылыктар

Иш-чаралар жана курстар
Япон тилиндеги презентация жана маданий алмашуу
16 июня 2026 г.
Япон тилиндеги презентация жана маданий алмашуу

Урматтуу достор!


Жакында өтө турган «Япон тилиндеги презентация жана маданий алмашуу» иш-чара тууралуу эскертип кетүүгө шашылабыз
Иш-чара эки бөлүктөн турат:


1-бөлүк: 18:00-19:00 - «Япон тилиндеги презентация»

Презентациянын темасы: «Менин сүйүктүү тамагым»

Биринчи бөлүктө алдын ала тандалган катышуучулар презентация менен чыгышат. Презентацияны баяндамачы катары алдын ала катталган катышуучулар гана даярдашы керек (2 япондук жана 2 кыргызстандык катышуучу).
Калган каалоочулар иш-чарага угуучу катары катыша алышат. Экинчи бөлүктө катышуучулар чакан топторго бөлүнүп, япон тилинде эркин форматта баарлашышат. Презентациянын темасын улантып, өзүңүздүн сүйүктүү тамагыңыз тууралуу айтып бериңиз.

Катышуучулардын максималдуу саны: 35 адам
Датасы: 26-июнь (жума)
Убактысы: 18:00-20:00
Өткөрүлүүчү жери: KRJC
Иш-чарага катталган катышуучулар гана катыша алышат.

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.