Жаңылыктар

Иш-чаралар жана курстар
Bon Matsuri & Japan Fest 2026 - бий фестивалы жана компаниялар жарманкеси 19-сентябрда өтөт!
3 сентября 2026 г.
Bon Matsuri & Japan Fest 2026 - бий фестивалы жана компаниялар жарманкеси 19-сентябрда өтөт!

Фестивалдын негизин, албетте, белгилүү салттуу Бон бийлери түзөт! Сиздерди дароо үч чоң бий блогу күтөт: жалындаган Yosakoi бийинен тартып, ар бир мейман жалпы чөйрөгө кошулуп биз менен бирге бийлей ала турган салттуу Tokyo Ondo, Hanagasa Ondo бийлерине чейин. Ал эми күндүн ыргагын кубаттуу "Ooedodaiko" добулбастары жана "Sushi Barmak" тобунун жандуу аткаруусу жаратат.

Фестивалдын экинчи эң маанилүү бөлүгү — бул өз аянтында япон жана кыргыз компанияларын бириктирген масштабдуу Japan Fest жарманкеси. Бул алардын продукциясы менен таанышууга, уникалдуу товарларды табууга жана эки маданияттын биргелешкен долбоорлору тууралуу көбүрөөк маалымат алууга эң сонун мүмкүнчүлүк.

Ошону менен бирге, күнү бою интерактивдүү маданий аймактар иштейт.

Досторуңузду чогултуп, телефонуңузду кубаттап, бизге кошулуңуздар!

Күнү: 19-сентябрь
Убактысы: 12:30 – 17:00
Кирүү: Акысыз
Өткөрүлүүчү жери: кийинки посттордо маалымдайбыз — жаңылыктардан кабардар болуңуз! 😉

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.