Жаңылыктар

Иш-чаралар жана курстар
Балдар үчүн эки жумалык япон тили боюнча курс ачык!
28 мая 2025 г.
Балдар үчүн эки жумалык япон тили боюнча курс ачык!

Балдар үчүн япон тили — жайды пайдалуу жана кызыктуу өткөрүңүз!

Каникулдар башталды, эми аларды көңүлдүү, пайдалуу жана унутулгус кылып өткөрүүнүн эң сонун жолу бар!

Балдар үчүн эки жумалык япон тили боюнча курс ачылат! Бул курста балаңыз: жапон тилиндеги жөнөкөй сүйлөмдөрдү, иероглифтерди үйрөнөт, жапон салттары жана башка көптөгөн кызыктуу нерселерди биле алат.


Бул жөн эле тил курстар эмес — ар бир сабак жапон маданиятына чыныгы саякат болот!
- Чогуу жапондук юката кийебиз
- Оригами жасаганды үйрөнөбүз
- Жапондордун бийлерин үйрөнөбүз
- Өз колубуз менен даамдуу онигири жасайбыз

Сабактардын графиги: жумасына 4 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, бейшемби жана жума)
*шаршемби күнү сабактар болбойт
Убактысы: 15:00 - 17:00, 16-июндан 27-июнга чейин
Курс баасы: 4 000 сом
Жаш категориясы: 9-14 жаш
Катталуу мөөнөтү: 9-июнга чейин (дүйшөмбү)
Байланыш телефондору:
Чалуу же WhatsApp: 0555 787 091
Email: [email protected]
Катталуу формасы:
Катталуу үчүн шилтемедеги форманы толтуруңуз:

https://forms.gle/PwdjFJkCyc7KD84E7 

Балаңызга жаңы дүйнөгө эшик ачып, бул жайда унутулгус сезимдерди тартуулаңыз! Орду чектелүү — каттоого шашылыңыз!

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.