Жаңылыктар

Жаңылыктар
30-июнунан 25-июлуна чейин JDS программасынын стипендиаттары үчүн жапон тили боюнча курстар өткөрүлдү
28 июля 2025 г.
30-июнунан 25-июлуна чейин JDS программасынын стипендиаттары үчүн жапон тили боюнча курстар өткөрүлдү

JDS программасы — бул Япония өкмөтү тарабынан Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө адам ресурстарын өнүктүрүү максатында берилген стипендиялык программа. Программанын максаты — мамлекеттик кызматкерлерге Япониядагы университеттерде магистратурада окууга мүмкүнчүлүк берүү, жана алынган билимди өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө пайдаланууга шарт түзүү.

Курс өзүнчө түзүлүп, жапон коомундагы жашоого ыңгайлашуу жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө басым жасалды. Курстун катышуучулары жогорку мотивацияны жана жоопкерчиликти көрсөтүштү. Убакыт чектелүү болгондугуна карабастан, 65 академиялык сааттык жапон тилин ийгиликтүү өздөштүрүшүп, негизги лексикалык жана грамматикалык структураларды жакшы деңгээлде үйрөнүштү.

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.