Жаңылыктар

Иш-чаралар жана курстар
2026-жылдагы япон тили боюнча «Маругото» курстарынын жазгы семестрин аяктоо аземи
20 июля 2026 г.
2026-жылдагы япон тили боюнча «Маругото» курстарынын жазгы семестрин аяктоо аземи

Кыргыз-Япон адам өнүктүрүү борборунда «Маругото» япон тили курстарынын жазгы семестрин ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү🌸

Иш-чаранын жүрүшүндө окуусун ийгиликтүү аяктаган студенттер курстун жыйынтыгы боюнча алган билимдерин жана жетишкен ийгиликтерин тастыктаган сертификаттарга ээ болушту.

Япон тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусу, тырышчаактыгы жана сабактарга жигердүү катышканы үчүн бардык студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз. Курстун жүрүшүндө алган билимдериңиздер япон тилин мындан ары да өздөштүрүүгө жана Япониянын маданияты менен тереңирээк таанышууга бекем негиз болот деп ишенебиз.

Бүтүрүүчүлөрдү семестрди ийгиликтүү аякташы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Япон тилин үйрөнүүдөгү мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана шыктанууну каалайбыз. Сиздерди кийинки семестрде курстарыбыздан кайрадан көрүүгө кубанычта болобуз!

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.