Китепкана
Абонементтик карта алуу жол-жобосу
Абонемент сатып алган соң, Сиз
Каттоо жана абонементтик карта алуу, жана китепкананын материалдарын үйгө алуу
* Сүрөткө тартуу, каттоо жана абонементтик картаны даярдоо акысыз ишке ашырылат.
Япон борборунун китепканасынын фонду китептерди, журналдарды, компакт-дисктерди, видеодисктерди жана видеокассеталарды китепканадагы окурмандар залында колдонуу үчүн сунуштайт. Фонд мезгил-мезгили менен бестселлерлер, жаңылыктар, бизнес адабияттар менен төрт тилде (орусча, кыргызча, англисче, япончо) толукталып турат.
KRJC китепканасынын кызматтары көрсөтүлгөн баа тизмеси боюнча төлөнөт. Биз кызматтардын баасын мезгил-мезгили менен карап чыгуу укугун сактайбыз.
- КР жарандары үчүн (15 жаштан жогору) **
- КР жарандарынын балдары үчүн (10〜14 жаш) *
- Япония жарандары үчүн (15 жаштан жогору)
- Япон жарандарынын балдары үчүн (4〜14 жаш),
JICA ыктыярчылар үчүн - Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери
жана окутуучулары үчүн ***
- Колдонуу
- Тасма көрүү
- бир жыл/6 ай
- бир жыл/6 ай
- бир жыл/6 ай
- бир жыл/6 ай
- бир жыл/6 ай
- Акысыз
- Акысыз
- 700/500
- 450/350
- 1300/800
- 800/550
- 350/210
Укуктары
- KRJC китепкана фондунун ресурстарын иш убактысында колдонуу;
- Маалымат булактарын издөө жана тандоо боюнча акысыз консультация алуу;
- Абонементтик картаны көрсөтүү менен үйгө китептерди жана мезгилдүү басылмаларды алуу;
- Кызыктырган тема боюнча маалымат алуу.
Милдеттери
- Тартипти жана тазалыкты сактоо;
- Китепкана фондунун эрежелерин сактоо;
- Китептерди Борбордун сыртына чыгарбоо (үйгө алуу учурларын кошпогондо);
- Китептерге этият жана аяр мамиле кылуу;
- Китептерди белгиленген мөөнөттө кайтаруу;
- Китепкана иштөө убактысынын аяктаганына 10 мүнөт калганда китептерди жана журналдарды кайтаруу.
Абонент китепкананын материалдарына этияттык менен мамиле кылууга милдеттенет:
- Берилген материалды белгиленген мөөнөттө кайтарбаган учурда, китептер жана мезгилдүү басылмалар кийинки 2 жума бою берилбейт;
- Эгер кайтаруу кечигүүсү себептүү кечигүү болсо, материалдарды үй-бүлө мүчөлөрү же тааныштары аркылуу кайтаруу мүмкүн, бирок алдын ала китепканачыга телефон чалып, кабардар кылуу зарыл;
- Эгерде кайтаруу мөөнөтүн кайрадан кечиктирүү кайталанса, ар бир материал үчүн кечиккен күндөрдүн саны эсептелет. Эгерде бул мезгил 2 айдан ашып кетсе, абонементтин ээси өзүнүн статусунан айрылат жана мүчөлүк акы кайтарылбайт;
- Жоготуу же материалдарга зыян келтирүү учурунда, материалдын наркы эки эселеп төлөнөт.
Көңүл буруңуздар! Өтүнүч, материалдарды алып жатканда анын зыянсыз экендигин кылдат текшерип чыгыңыз.
- Абонементтик картаны кайра берүү (жоготууга байланыштуу) – 100 сом.
- Абонементтик картаны эки жана андан көп жолу жоготкон адам абонементке укугунан айрылат жана картаны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү берилбейт.
- Китептерди, журналдарды, видеокассеталарды, компакт-дискаларды жоготуу же зыян келтирүү алардын баасынын эки эсе өлчөмүндө калыбына келтирилет.
- Китепкана материалдарын эки жана андан көп жолу жоготкон адам абонементке болгон укугунан айрылат (калыбына келтирилбей).
*Абонементке 10-14 жаштагы балдар да каттала алышат. 10 жашка чейинки балдарга абонемент үчүн акы алынбайт, ал эми материалдар аларга ата-энелердин — абонементтин ээлеринин — жоопкерчилиги астында берилет.
**Пенсионерлер жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн – балдар үчүн абонемент баасы боюнча төлөнөт.
Жогорудагы адамдар өздүгүн тастыктоочу документтерди: пенсионерлер - пенсиялык күбөлүк жана ID паспорт, балдар - туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ата-энесинин биринин ID паспорту, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - майыптык тууралуу күбөлүк жана ID паспортун көрсөтүшү керек.
***Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери жана окутуучулары, ошондой эле JICAнын ыктыярчылары үчүн арзандатуулар берилет.
Чет элдик жарандар үчүн абонемент алуу боюнча эрежелери:
Абонементтик картаны алуу үчүн паспорт, Кыргызстандын жараны болгон кепилдик берген адамдын ID паспорту менен келип, анкетаны толтуруп, мүчөлүк төлөмдү төлөө зарыл. КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн төлөм Кыргызстандын жарандары үчүн болгон баа менен бирдей. Башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн төлөм Япониянын жарандары үчүн каралган баа менен төлөнөт.
Көңүл буруңуздар! Китепкананын колдонуу эрежелерин бузган кардарлар KRJC кардар статусун жоготуп, кызмат көрсөтүү укугунан ажыратылат!