Өз ара
алмашуу бөлүмү

Яманаши менен кызматташуу

yamanashi exchange
Яманаши шаары менен Кыргызстандын ортосундагы алмашуу программалары жөнүндө жалпы маалымат
Коронавирустук инфекциянын жайылышынан улам 2020-жылдан 2021-жылга жылдырылган Токиодогу Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын утурлай, Япония өкмөтү жергиликтүү бийликтер менен биргеликте Host Town долбоорун ишке ашырды. Долбоордун максаты - Олимпиадага катышкан улуттук делегация мүчөлөрүнүн ортосунда маданий жана спорттук алмашуу уюштуруу болуп саналат. Бул үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрү машыгуу жыйыны жана мелдеш учурунда Япониянын ар кайсы шаарларында жайгаштырылган. Долбоордун алкагында симбиотикалык коомду түзүү максатында спорт, маданият жана экономика сыяктуу тармактарда катышкан өлкөлөрдүн жана аймактардын жашоочуларынын ортосунда алмашуу жүргүзүлдү. 2020-жылдын 28-февралында Япониянын Яманаши шаары Кыргызстандын Host Town шаары болуп жарыяланган жана Паралимпиада оюндарында Кыргызстандын пара пауэрлифтинг боюнча спортчуларын кабыл алган. Бул программа алкагында Кыргыз-Япон Адам Ресурстарын Өнүктүрүү Борбору (KRJC) Яманаши шаары үчүн расмий кеңешчи болуп иш алып барган. 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын февралында бул кызматташтык алкагында Паралимпиада оюндарына, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (МЧА) үчүн симбиотикалык коомду түзүүгө жана тоскоолдуксуз чөйрө жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга арналган 4 онлайн жолугушуу өткөрүлгөн болчу.
1 жолугушуу
“Тоскоолдуксуз жана симбиотикалык коом” темасындагы паралимпиада спортчуларынын сүйлөшүүсү
2020-жылдын 17-декабрында Паралимпиада оюндарынын алдында Япония менен Кыргызстандын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө максатында биринчи онлайн иш-чара өткөрүлдү. Жолугушууда Яманаши шаарынын жана Кыргызстандын иш-аракеттерин Токио оюндарынан кийин да симбиотикалык коом түзүүдө улантуу маселелери талкууланды. Ошондой эле паралимпиадалык спортчулар симбиотикалык коом жана тоскоолдуксуз чөйрө концепциясын бириктирүү боюнча ой-пикирлерин бөлүштү. Мындан тышкары, бул жолугушууда эки тараптын паралимпиадачылары МЧА чөйрөсүнө байланышкан бардык адамдарга кайрылуу жасашты.

2 жолугушуу
Яманаши шаары менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара түшүнүүгө негизделген тоскоолдуксуз коом
2021-жылдын 14-январында Яманаши шаары менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө негизделген «Тоскоолдуксуз коом» темасына арналган экинчи жолугушуу болуп өттү. Бул иш-чарада Яманаши шаарынын жана Кыргызстандын маданий салттары көрсөтүлүп, бул эки өлкөнүн ой жүгүртүүсүн тереңирээк түшүнүүгө негиз түздү. Мындан тышкары, жолугушууда МЧА тармагында иштеген эки тараптын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Алар МЧА чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктө туш болгон кыйынчылыктар жана жетишкендиктер тууралуу айтып, симбиотикалык коомду жана тоскоолдуксуз аң-сезимди түзүүдө ар кандай мамилелер менен көйгөйлөр тууралуу жалпы түшүнүктөрү менен бөлүшүштү.

3 жолугушуу
Яманаши шаары жана Кыргызстан: Салттуу маданият жана музыка менен бириккен келечек
Салттуу маданият жана музыка — бул биздин планетадагы ар бир эл сүйлөгөн «тил». Маданият жана музыка — тил жана географиялык чек араларды жоюуга жөндөмдүү уникалдуу көрүнүштөр. Алар жынысына, жашына же МЧА бар же жоктугуна карабастан, ар бир адамдын жүрөгүнө жетип, терең таасир эте алат.
Ушул себептен улам, Яманаши шаары менен Кыргызстандын ортосундагы алмашуу долбоорунун алкагында өткөрүлгөн үчүнчү онлайн иш-чаранын темасы дал ушул болду. Бул жолугушууда Кыргызстандан келген көзү азиз ырчы Гулумдун аткаруусу, ошондой эле Яманаши шаарындагы мекемелердин биринде МЧА бар адамдар тарабынан жасалган япон салттуу кагазы менен таанышуу аркылуу, МЧА болушу мүмкүнчүлүктөрдү чектебеши керек деген түшүнүк дагы бир жолу тастыкталды. Ошондой эле, «Ооэдодайко» тобунун салттуу кыргыз музыкасы менен айкалышкан музыкалык номери аркылуу мындай алмашуулар жаңы маданий баалуулуктардын жаралышына өбөлгө түзө турганы дагы жакшыраак түшүнүлдү.

4 жолугушуу
Паралимпиадачылар үчүн Япониянын маданияты жана үрп-адаттары боюнча курс
28-январда биздин спортчуларды Япониянын маданияты жана үрп-адаттары, ошондой эле COVID-19 шарттарындагы сактык чаралары менен тааныштырууга арналган 4-онлайн жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуу Яманаши шаарынын мэри Такаги Харуо мырзанын куттуктоо сөзү менен башталды. Ал өз сөзүндө Япония менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерге токтолуп, алдыдагы Токио оюндарында биздин спортчуларга ийгилик каалады. Андан кийин бир нече лекциялар окулду: Япондордун салттары жана каада-салттары жөнүндө, алдыдагы Олимпиадада COVID-19дын алдын алуу чаралары тууралуу, ошондой эле Яманаши шаарынын жана жалпы Япониянын тоскоолдуксуз чөйрөсү боюнча. Мындан тышкары, спортчулар үчүн япон тили боюнча киришүү сабагы өткөрүлүп, күнүмдүк керектелүүчү негизги фразалар үйрөтүлдү. Биздин пара пауэрлифтинг боюнча команда үчүн бул жолугушуу пайдалуу болду жана алар алган билимдерин Японияда болгон учурда ийгиликтүү колдонушат деп ишенебиз.

Долбоор тууралуу көбүрөөк маалымат
Онлайн иш-чаралардан тышкары, «тоскоолдуксуз аң-сезим» жана «симбиотикалык коом» түшүнүктөрүн жайылтуу боюнча социалдык тармактарда маалыматтар жарыяланып, МЧА мекемелеринде постерлер жана билим берүүчү буклеттер таратылган. SNS публикацияларынан кийин, бул темалар боюнча пикирлерди чогултуу үчүн сурамжылоолор жүргүзүлдү. Публикациялардын жыйынтыгы боюнча үч жеңүүчү аныкталып, аларга Япониядан эстелик белектер, KRJCден белектер жана симбиотикалык коом жана тоскоолдуксуз аң-сезим жөнүндө брошюралар тапшырылды.
Бул алмашуу долбоору Яманаши шаары менен Кыргызстандын ортосундагы маданият, МЧА менен иштөө жана пара спорт тармагында симбиотикалык коомду жана тоскоолдуксуз аң-сезимди түзүү боюнча кызматташтыкты Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынан кийин да улантууга сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат.

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.