Өз ара алмашуу бөлүмү
Башка кызматтар
Жалпы ижара эрежелери
- 1) Жабдуулар япон маданиятына түздөн-түз байланышкан иш-чаралар жана презентациялар үчүн жана салттуу япон маданиятын жайылтуу үчүн гана ижарага берилет. KRJC жабдууларды ижарага алуудан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
- 2) Ижарага алынган жабдууларга арыздар иш-чара башталганга чейин 2 жума мурун берилиши керек.
- 3) Жабдууларды башка адамга берүүгө жол берилбейт. Ижарага алуу кызматтарын колдонгон адам да жабдууларды этияттык менен жана жоопкерчилик менен пайдаланууга милдеттенет.
- 4) Жабдуулар бузулган же жоголгон учурда ижарачы келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана толук жоопкерчиликти өзүнө алууга милдеттенет.
- 5) Ижарачы KRJCнын эрежелерин жана ченемдерин сактоого макул болот.
Балдар жана чоңдор үчүн юката (кимононун жайкы варианты) топтому
Хаппи (салтанаттуу куртка) топтому
Каллиграфия топтому
сыя идиш, шитажики, бунчин, калем, белгилүү көлөмдө туш, белгилүү көлөмдө кагаз, чоң каллиграфия калеми
*Топтомго жараша баасы өзгөрүлөт
Япон оюнчуктарынын топтому
Фукувараи, кендама, дарума отоши, мангеки ж.б
Декоративдик желпигичтер (чоң/кичинекей)
Салттуу япон чай аземин көрсөтүү