Бизнес бөлүмү

Корпоративдик тренингдер

about page
Корпоративдик тренингдер жөнүндө

Корпоративдик тренинг өзгөчө бир компаниянын кызматкерлерине арналып жана жабык форматта иштелип чыгат. Компаниянын сурамынан кийин Кыргыз-Япон борборунун эксперти компанияга барып, диагностика жүргүзөт, кызматкерлер менен маектешет жана аныкталган көйгөйлөргө жана компаниянын муктаждыктарына ылайык тренинг программасын түзөт. Бул түрдөгү иш-чаралар ар бир кызматкердин жана бүтүндөй командасынын профессионалдык сапаттарын жакшыртууга жардам берет. Мындай курал көп баскычтуу программага киргенде эң натыйжалуу болуп эсептелет. Бүтүндөй иш компаниянын иштөө форматына ылайык даражада иштелип чыгат. Биздин борбордо ар кандай тармактарда иштеген адистер иштешет, алар бизнестин натыйжалуу өнүгүшүнө жана менеджерлердин натыйжалуу командасын түзүүгө көмөктөшөт. Бүгүнкү күндө биздин өлкөдөгү алдыңкы компаниялар үчүн 50дөн ашык корпоративдик тренинг өткөрүлдү.

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.