Жаңылыктар
2025-жылдын февраль айында Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) Монгол-Япон борбору (MoJC) жана Казак-Япон борбору (KJC) делегацияларын кабыл алды. Ар бир делегация менен өзүнчө жолугушуулар өткөрүлүп, негизги иш багыттары, билим берүү жана бизнес программаларын ишке ашыруудагы тажрыйбалар талкууланды, ошондой эле келечектеги биргелешкен демилгелердин мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушууларда өзгөчө көңүл билим берүү долбоорлорун өнүктүрүүгө, ишкердикти колдоого жана Япония менен Борбордук Азия өлкөлөрү жана Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого бурулду. Мындай иш сапарлар кесиптик тажрыйба алмашууга гана эмес, жаңы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө да өбөлгө түзөт.
KRJC эл аралык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүнү улантып, байланыштарды бекемдеп, билим берүү жана бизнес коомчулуктары үчүн жаңы перспективаларды ачууда.