Жаңылыктар
«Кыргызстан менен Япониянын бизнесинин түз диалогу»
📍 2026-жыл, 27-февраль
📍 Technopark
27-февралда Technoparkта Кыргызстан менен Япониянын компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бизнес-форум өттү.
Иш-чаранын катышуучулары жапон өнөктөштөрү менен иштөө өзгөчөлүктөрүн талкуулап, практикалык тажрыйба менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунушташты.
Форумдун программасында:
▫️ япор экспертинин япон компанияларынын ишкердик маданияты жана күтүүлөрү тууралуу баяндамасы
▫️ Япония менен иштөө тажрыйбасы бар ишкерлердин катышуусунда панелдик талкуу
▫️ япон компанияларынын питч-сессиясы
▫️ нетворкинг жана EXPO-зона
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча:
✔ жаңы ишкердик байланыштар түзүлдү
✔ кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды
✔ конкреттүү бизнес мүмкүнчүлүктөр сунушталды
✔ эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын ортосундагы байланыштар бекемделди
Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн спикерлерге, катышуучуларга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз.
📸 Фото: @ermek.jenishov
🤝 Медиа партнер: @aiymbusiness.kg











