Жаңылыктар
Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору япон тилинин «Маругото» курстары боюнча жазгы семестрге кабыл алууну жарыялайт!
Сабактар жаңы баштагандарга да, улантуучуларга да ылайыктуу.
Окуу мөөнөтү: 2026-ж. 16-февралдан 2026-ж. июль айына чейин
Сабак өтүү убактысы: 18:00–20:00
Форматы: жумасына 2 жолу, ар бир сабак 2 сааттан өтүлөт (жумасына 4 саат)
Курстун узактыгы: 18 жума
Маанилүү:
Каттоого 13 жаштан жогору курактагы адамдар катыша алышат
Курстарга кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт:
август айында (күзгү семестр үчүн)
январь айында (жазгы семестр үчүн)
Катталуу үчүн профилдин шапкасындагы шилтеме (taplink) аркылуу өтүңүз
Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү — 9-февраль
Эгер деңгээлиңизди тандоодо кыйынчылык жаралса, биз менен байланышыңыз — жардам беребиз:)
Байланыш маалыматтары:
Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору
Дарек: Турусбеков көч., 109 (Фрунзе көчөсү менен кесилиш), КУУнун 7-корпусу, 2-кабат
Офлайн консультация алуу үчүн күн сайын 10:00дөн 18:00гө чейин келе аласыздар.
Телефон: 0558 988 005 / 0557 788 053
Досуңузду курстарга чакырыңыз жана 5% арзандатууга ээ болуңуз — сиз да, досуңуз да.
※ Башка арзандатууларды алып жаткан катышуучуларга бул арзандатуу колдонулбайт.


