Жаңылыктар

Жаңылыктар
KRJC менен «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
2 июля 2026 г.

2026-жылдын июль айында KRJC менен «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААК кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарып, өз ара кызматташуу жана биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандум төмөнкү багыттарды камтыйт:
✔️ ишкердикти өнүктүрүү;
✔️ чакан жана орто бизнести колдоо;
✔️ лизингдик каржылоо инструменттерин жайылтуу;
✔️ биргелешкен билим берүү жана консультациялык демилгелерди ишке ашыруу.

Ошондой эле тараптар өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана бизнес менен лизинг тармагында эл аралык мыкты тажрыйбаларды жайылтуу боюнча макулдашышты.


 

Жаңылыктар түрмөгү arrow icon

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.