slide 1

КЫРГЫЗ-ЯПОН АДАМ РЕСУРСТАРЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ

KRJC — бул Кыргыз Республикасы менен Японияны бизнес, билим берүү,
маданият жана башка тиешелүү тармактарда бириктирген платформа.



KRJC — бул Кыргыз Республикасы менен Японияны бизнес, билим берүү, маданият жана башка тиешелүү тармактарда бириктирген платформа.



slide 1
slide 1
slide 1

Activities

Ишмердүүлүктөрдүн түрлөрү

Түзүлгөндөн бери 25 жылдан ашуун убакыт ичинде KRJC эки өлкөнүн элдерин жана уюмдарын бириктирүү үчүн программаларды жана кызматтарды ишке ашырып келет. Бул иштер Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү максатында борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги үч багытынын ар биринин күчтүү жактарын пайдалануу аркылуу жүргүзүлүүдө.
Business
Бизнес бөлүмү
Бизнес бөлүмү Кыргызстандын бизнес-кадрларын өнүктүрүү үчүн япон башкаруу стилинин өзгөчөлүктөрүн жана күчтүү жактарын пайдалануу менен иш алып барат.
    Бизнес бөлүмүнүн багыттары
Japanese Language /
JF Language Center
Япон тили бөлүмү / Япон Фондунун Тил борбору
Япон тили бөлүмү япон жана кыргыз компанияларынын муктаждыктарын эске алуу менен япон тилин окутуу кызматтарын көрсөтөт.
Mutual Exchange
Өз ара алмашуу бөлүмү
Өз ара алмашуу бөлүмү Кыргыз Республикасы менен Япониянын элдеринин ортосундагы маданий алмашууну өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында маалымат берүү жана маданий иш-чараларды уюштуруу аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
«Японияда окуу» жарманкеси

Library

Китепкана

Ай сайын жаңы журналдарды жана китептерди алабыз. Сиздерди китепканабызда күтөбүз.

  • Бардык китептер
  • Жаңы китептер
  • Сунушталган китептер

«Японияда окуу» жарманкеси

«Японияда окуу» билим берүү жарманкеси Кыргыз-Япон борбору тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Биринчи онлайн «Японияда окуу» жарманкеси 2020-жылдын ноябрында Казакстан-Япон борбору менен кызматташтыкта өткөрүлгөн. Бул баракчадан жарманкеге катышкан университеттер тууралуу толук маалымат менен тааныша аласыз.